Султан Ибраимовго "Кыргыз Республикасынын баатыры" наамы берилет
Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү кабарлагандай, Жээнбеков тиешелүү жарлыкка кол койгонго даяр экенин айтты. Ал Ибраимовго бул наамды ыйгарууну туура деп эсептей турганын, бирок бул үчүн парламент 2017-жылы кабыл алынган мыйзамга өзгөртүү киргизиши керектигин белгиледи. Ибраимовго ардактуу наам берүү үчүн мыйзамды кабыл алып берүүнү Жогорку Кеңештен өтүнөрүн кошумчалады.
Султан Ибраимовдун 90 жылдыгына арналган салтанат Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү. Филармониянын кире беришинде Ибраимовдун турмуштук жолу жана эмгек ишмердигине арналган көргөзмө уюштурулуп, театралдаштырылган концерт болду.
Султан Ибраимов 1927-жылы Чүй облусунун Алчалуу айылында туулган. 1960-жылдардын башынан тартып 20 жыл бою мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген. Аны 1980-жылдын 4-декабрында Чолпон-Атадагы мамлекеттик дачада атып кетишкен.
