АКШ орусиялык эки компанияга санкция салды
Вашингтондун маалыматына караганда, мындай чара “Иран жана Орусия Асаддын режимин бекемдөө үчүн” колдонуп жаткан схемага каршы көрүлүп жатат.
"Промсырьеимпорт" – Орусиянын Энергетика министрлигине караштуу мекеме. Вашингтондун билдирүүсүндө Global Vision Group компаниясы сириялык ишкер Мохамед Альшвикиге тиешелүү экени белгиленет.
Америкалыктар ачкан схемага караганда, Ирандын Борбордук банкы ирандык ортомчу Тадбир Кишке акча которгон. Ал акчаны Global Vision Group ишканасына берген. Андан ары акча “миллиондогон баррел ирандык мунайды” Сирияга жеткиргени үчүн "Промсырьеимпортко" түшкөн.
5-ноябрда АКШнын Иранга каршы санкцияларынын экинчи баскычы күчүнө кирген. Санкциялардын бул баскычы Ирандын мунай сектору менен каржы тармагын бутага алган.
Вашингтондун Иранга каршы экономикалык санкцияларынын алгачкы баскычы быйыл август айында киргизилген.
