Милиция: Шамбесай кенин иштетүүгө каршы чыккандар кармалган жок
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Шамбесай алтын кенин иштетүүгө нааразылык билдирип чыккандарды милиция кармап кеткен жок. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова "Азаттыкка" билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 23-октябрда Шамбесай кенин иштетүү үчүн топурак, суунун анализин жүргүзүүгө адистер барышканда 50-60 чакты жашоочу ага нааразылык билдиришкен. Аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барышкан.
Буга чейин айрым интернет колдонуучулары Майдан айылындагы элдин нааразылыгы тартылган сүрөт, видеолорду интернетке жарыялап, элди милиция кармап кеткенин жазышкан. Дамира Юсупова милиция ызы-чуу кылган элди тартипке чакыруу аракетин көргөнүн, эч ким кармалып, камалбаганын кабарлады:
- Эл "топуракты бербейбиз" деп ызы-чуу салышканда милиционерлер тартипти жөнгө салышкан. Ал жерге Үч-Коргон айылдык милиция кызматкерлери барып, тартипти көзөмөлдөп турушкан. Саат 13.30дарда чогулгандар тарап кетишкен.
"Экология бузулат" деген негизде Шамбесай кенин иштетүүгө жергиликтүү элдин нааразылыгы көптөн бери токтобой келе жатат.
Шамбесайда болжол менен сегиз тоннага жакын алтын бар. Кенди чалгындоо 2007-жылы башталып, 2012-жылы аны казууга лицензия берилген. Ошондон бери кендин кожоюндары бир канча жолу алмашкан. Учурда кенди иштетүүгө кытайлык “Тианди” компаниясы уруксат алган. (NT)