Баткен: ит талаган өспүрүмдөн кутурма табылган жок
Толук текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, андан эч кандай кутурманын белгилери аныкталган жок. Ал эми ветеринардык дарыгердин айтымында, баланы талаган үч иттин бирөөсү атылган. Атылган ит буга чейин эмделген. Калган эки иттен кутурманын белгиси байкалган жок. (JsA)
