Добавить новость
123ru.net
World News
Октябрь
2018

АКШнын өкүлдөрү Кандагардагы кол салууну айыпташты

0
Кошмо Штаттардын жогорку расмий өкүлдөрү Ооганстандын түштүгүндө полиция башчысынын өлтүрүлүшүн айыпташты. 


АКШнын коргоо министри Жим Мэттис Кандагардын полиция башчысы, генерал Абдул Разыктын өлтүрүлүшүн "мекенчил адамды жоготуу" деп атады. Бул тууралуу ал Сингапурда 19-октябрда билдирди.


Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Разыкты жана башка жогорку даражадагы ооган расмий өкүлдөрүн жок кылган кол салууну айыптап, ооган элин "Талибандын" шайлоо алдындагы мындай зомбулуктарына карабай өз идеалдарына бекем болууга чакырды. 


18-октябрда АКШ менен Ооганстандын коопсуздук органдарынын өкүлдөрү жыйын өткөргөндөн кийин губернатордун кеңсесинде атышуу башталган. Генерал Абдул Разыкты өзүнүн эле жансакчысы атып өлтүргөн.


НАТОнун маалымат өкүлү АКШнын Ооганстандагы жогорку командачыларынын бири генерал Скот Миллер да жыйынга катышканын, бирок жабыркабаганын билдирди. Атышуу маалында ошондой эле жергиликтүү чалгын кызматынын башчысы да курман болуп, провинция губернатору катуу жараланган. Андан тышкары эки америкалык жаран жарадар болуп, жергиликтүү медианын кабарчысы өлтүрүлгөн. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти дароо "Талибан" кыймылы өз мойнуна алды. 


Генерал Разыкка буга чейин да талибдер бир нече жолу кол салышкан. Ал Кандагар полициясын 2011-жылдан тартып жетектеп келген жана талибдерге катуу туруштук берип келатканы менен белгилүү болчу. 


“Талибан” кыймылы Ооганстандын кеминде 40% аймагын көзөмөлдөп турат. 20-октябрда өтө турган  парламенттик шайлоонун алдында кыймыл коопсуздук күчтөрүнө жана мамлекеттик мекемелерге каршы чабуулдарын күчөттү. Андын айынан ондогон адамдар курман болду. 





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net