Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга инвестор табыла элек
2012-жылы кыргыз жана орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, Камбар-Атаны "Интер РАО" ишканасы, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын "Русгидро" курмай болгон. Бирок иш создугуп, 2016-жылы Кыргызстан макулдашууну бир тараптуу денонсациялаган соң "Русгидро" курулушка 37 миллион доллар сарптаганын билдирип, аны төлөп берүүнү талап кылып келатат. "Русгидро" буга чейин да бересе кайтарылбаса, эл аралык арбитражга кайрылаарын эскерткен.
"Русгидродон" кийин Кыргызстан былтыр жайында чехиялык "Liglass Trading CZ" компаниясы менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана он чакан ГЭС куруу боюнча келишим түзгөн. Өкмөт чехиялык ишкерлер Кыргызстандын "Русгидрого" болгон карызын төлөй турганын жарыялаган. "Liglass Trading CZ" келишимдин шарттарын аткара албай, кыргыз тарап андан да кол үзгөн. Ошондон бери бул каскадды куруу иштери токтоп турат. (BkA)
