Бишкек ЖЭБи боюнча кылмыш иши сотто карала баштады
Жараянга жабырлануучу катары “Электр станциялары” жана “Бишкек жылуулук тармактары” ишканаларынын өкүлдөрү катышууда. Айыпталуучулардын адвокаттары ал ишканалардын жабырлануучу катары сотко катышып жатышканына нааразылыгын билдирип, аны мыйзамсыз деп баалашты.
Бишкек ЖЭБи боюнча жалпысынан төрт кылмыш иши козголгон. Анын алкагында мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, энергетика тармагындагы ишканалардын бир катар жетекчилери да “Коррупция” беренеси менен айыпталып, абакта отурушат.
Буга чейин бул иш боюнча сот жараяны баштала элек болчу. (BkA)
