"Түштүк Кореяга ишке орноштурам" деп ар кимди алдаган киши кармалганы кабарланды
Бул арызды териштирүү маалында арызда көрсөтүлгөн Өзбекстандын жаранын 2017-жылы июль айында эле алдамчылылык үчүн Бишкек шаардык соту сегиз жылга эркинен ажыратканы аныкталган. Сот чечимине ылайык, соттолуучу жазасын жатак абакта өтөшү керек болчу. Бирок ал жатак абактын шарттарын аткарбай, укук коргоо органдарынан качып жүргөнү белгилүү болгон.
Иш боюнча ыкчам издөө иштери башталып, кылмышка шектүү Казакстандын аймагынан быйыл февралда кармалды. Жакында ал Кыргызстанга өткөрүлүп, тергөө иштери жүрүп жатат. Учурда шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренесине ылайык 31 эпизод боюнча айып тагылды. (BkA)
