Путин Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барды
Эки күндүк сапардын алкагында эки тараптын 20 миллиард долларлык келишимдерге кол коюшу каралган. Бул каражаттын теңинен көбү Өзбекстандын батышында салына турган атомдук электр станциясынын курулушуна багытталган.
Эки президент 19-октябрда АЭСтин пайдубалын түптөө салтанатына катышары кабарланды. Путиндин тышкы саясат боюнча жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, 11 миллиард долларга бааланган долбоордун курулушу 2028-жылы аяктоого тийиш.
Мирзиёев бийликке келген эки жыл ичинде бир катар саясий жана экономикалык реформаларды өткөрүп, мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун маалындагы репрессиялык саясий практикалардын айрымдарынан баш тарткан.
Өзбекстандын 32 миллиондой калкынын эки миллионго жакыны Орусияда эмгектенет.
Путин буга чейин Өзбекстанга 2016-жылы Ислам Каримов көз жумгандан көп өтпөй барып кеткен. Мирзиёев бийликке келгени Путин Ташкентке алгачкы жолу мамлекеттик сапар менен барды.
