Милиция: Өзгөндө жардыруучу зат, курал-жарак жана ок-дарылар табылды
Милиция бул куралдар "террордук иш-аракеттерди жасоо үчүн даярдалган" деп маалымдады. Аларды Өзгөн шаарынын тургундары, 39 жана 43 жаштагы ага-ини катканы аныкталган. Маалыматка караганда, алар 2010-жылы Ош окуясында экстремисттик жана сепаратисттик маанайдагы адамдардын алдыңкы катарында болушкан.
Ошондой эле өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук уюмдун активдүү мүчөсү Сиражиддин Мухтаров ( каймана аты “Абусалох”) менен тыгыз байланышта болгону жана Сирияда согуштук аракеттерге катышканы, ага-инилердин бири ал жактагы топтордун биринин лидери экени жазылган милиция тараткан маалыматта. Азыр шектүүлөргө издөө жарыяланды.
Табылган курал, ок-дарылар боюнча экспертиза дайындалып, иликтөө уланып жатканы кабарланды. (MdN)
