Tрамп: Хашогги чынында эле өлтүрүлгөн сыяктуу
Ал тергөөнүн расмий жыйынтыгын күтүп жатканын, эгерде журналисттин өлүмүнө Сауд Арабиянын бийлигинин тиешеси аныкталса, анын кесепети Эр-Риядга оор болоорун кошумчалады.
Хашогги быйыл 2-октябрда Сауд Арабиянын Стамбулдагы консулдугуна кирген бойдон дайынсыз болууда. Шаршембиде Түркиянын өкмөтчүл гезиттери "Хашоггини Саудиядан келген баш кесерлер өлтүрүшкөн, денеси мүчөлөнгөн" деп жазышкан.Түрк полициясы 18-октябрда Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугунда экинчи ирет тинтүү жүргүздү. Тергөөчүлөр дипмиссияга таандык машинелерди, консулдуктун имаратынын айланасындагы бакты карап чыгышты. Бир нече күн мурун болгон тинтүү маалында ДНК жана башка үлгүлөр алынган.
Бейшембиде консулдун резиденциясында да тинтүү жүргүзүлдү. Консул Мухаммад ал-Отаиби өзү 16-октябрда Түркиядан учуп кеткен.
17-октябрда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Анкарада түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Хашоггинин тагдырын талкуулаган. Помпео анын алдында Эр-Риядга барып, Сауд Арабия бийлиги менен сүйлөшкөн.
Хашогги бир жылдай убакыттан бери Америкада жашап жүргөн. Ал “The Washington Post” гезитине Сауд Арабия бийлигин сындаган макалаларды жазчу.
