КСДП: Илмияновдун кайда жүргөнү боюнча маалыматыбыз жок
- Ал учурда Илмиянов Москвада болчу. Апасын ооруканага дарылатыш үчүн алып кеткенин билдирген. Андан бери байланыша элек. Негизи эле Икрамжан Илмиянов былтыр президенттик шайлоо аяктаган соң "саясаттан чарчадым" деп партиялык иштерден алыстаган, - деди Жолдубаева.
18-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Икрамжан Илмияновду камакка алуу боюнча сыртынан чечим чыгарганы белгилүү болгон. Мындан соң Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Илмияновго карата издөө жарыяланганын кабарлады. Азырынча президенттин мурдагы кеңешчисине карата кандай айып коюлганы расмий түрдө маалымдала элек.
43 жаштагы Икрамжан Илмиянов мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бийликке келгенде алгач анын кеңешчиси, андан кийин президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары болуп иштеген. Учурда ал КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү.
Анын аты Кыргызстандагы көптөгөн чуулгандуу окуяларга байланыштуу айтылып жүрөт. Айрым маалымат каражаттары Илмиянов Атамбаевдин тегерегиндеги эң таасирдүү адам экенин, түрдүү мамлекеттик органдардын жана жеке менчик компаниялардын ишине кийлигишкенин жазышкан. Илмиянов өзү андай дооматтарды четке кагып жүргөн. (BkA)
