Кыргызстанда жыл башынан бери күйүүчү май 9% кымбаттады
Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат. Июль айында баанын өсүшү Нарын облусунда байкалган. Бул аймакта дизелдик отун дээрлик 20 пайызга, Ош шаарында 7,6% көтөрүлгөн.
Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитетинин маалыматына караганда, күйүүчү май быйыл май-июнь айларында кымбаттаган. Ага Орусияда мунайзат өндүрүмүнүн дүң баасы кескин жогорулап кеткени себеп болгон. 2018-жылдын январь-июнь айында республикага 234 миң тонна автоунаа бензини жана 270,5 миң тонна дизелдик отун импорттолгон. (КЕ)
