Өзбекстан Тажикстандын түштүгүнө оорукана курат
«Өзбекстандын өкүлдөрү районго келип, клиника курула турган жерди көрүп кетишти. Документтерди даярдоо иши аяктады. Эми жакынкы убактарда курулуш башталат», - деп билдиришти район акимчилигинен.
Бул оорукананын курулушу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Дүйшөмбүгө болгон сапары маалында жактырылган өзбек бийлигинин долбоорлорунун бири. Мындан тышкары өзбек тарап Тажикстандын Спитамен районунда 630 окуучуга ылайыкташкан мектеп кура турганын билдирген.
Кубодиён району Хатлон облусунун түштүгүндө жайгашкан. Ал Ооганстан жана Өзбекстан менен чектешкендиктен, аймакта өзбек диаспорасы топтолгон.
Буга чейин тажик бийлиги Самаркандга 640 орундуу мектеп куруп, аны Өзбекстандын пайдалануусуна бере турганын билдирген.
