Конгресс Пентагондун орус коргоо мекемеси менен кызматташуусуна тыюну узартты
Документте Москва менен Вашингтондун аскердик кызматташуусун финансылоого тыюу салуу каралган. Кызматташтыкка айрым учурларда Пентагон башчысынын атайын буйругу менен гана урксат берилет. Баяндамада 2019-жылы Украинага финансылык жардам берүү да сунуш кылынган.
Документтин авторлору Орусия куралды көзөмөлдөө тууралуу келишимди бузганын, өзөктүк каражаттарын модернизациялаганын белгилешти.
