Былтыр айлана-чөйрөнү коргогон 207 активист өлтүрүлгөн
Уюмдун маалыматына караганда 22 өлкөдө 207 ошондой учур катталган, 53 активисттин өлүмү үчүн өкмөттүк коопсуздук күчтөрү жооптуу экени аныкталган. "Global Witness" мындай статистика жүргүзө баштаган 2001-жылдан бери бул эң жогорку көрсөткүч.
Бул жагынан алганда 57 киши өлтүрүлгөн Бразилия эң кооптуу өлкө, экинчи орунда Филиппин турат.
