Таабалдиев: Журналисттин Интернеттеги жигердүүлүгү ага коркунуч жаратат
- Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнөн кийин өзгөчө иликтөө жаатында эмгектенген кесиптештерибиз социалдык медиадагы жигердүүлүгүн өтө кылдат талдашы керек экенин көрдүк, - деди Табалдиев.
22-июлда “Азаттык” радиосунун журналисти Уланбек Эгизбаев Ысык-Көлдө көз жумду. Милиция "ал чөгүп кетти" деп айтып жатат.
Ал окуя болор алдында социалдык тармактарга кайда, кантип эс алып жатканын улам сүрөт аркылуу маалымдап турган. (BCh)
