УКМК: Сириядан кайткан кыргызстандык кармалды
Мекеменин маалымат кызматы билдиргенине караганда, кармалган адам 2016-жылы эл аралык террордук уюмдун курамында болуп, Сирияда өкмөттүк күчтөргө каршы активдүү согуштук аракеттерге катышкан. Ал эми 2017-жылы Кыргызстанда “аскердик жихад” жүргүзүү үчүн кайтып келген.
Атайын кызматтын Тергөө органдары иликтөө жүргүзүүдө.
