Regnum Борбор Азияны мындан ары Туркестан деп атайт
Туркестан деген аталыш XIX кылымда колдонулуп келген. Андан соң бул аймак Орто Азия деп, учурда Борбордук Азия деп аталып келет. Борбор Азия деген түшүнүктү алгачкылардан болуп немис географы Александр Гумбольдт киргизген.
Агенттик мындай чечимди аталыштын кыскалыгы жана ыңгайлуу экени менен түшүндүрдү. Бул демилге соцтармактарда ар кыл пикир жаратты. (KR)
