НГ: Дагестанда полиция "экстремисттерди" үйдө отурууга чакырып жатат
10-июндан 10-июлга чейин "үйдө эле болуу" тууралуу тилкаттын нускасы Телеграм-каналдардын бирине жарыяланган, бирок булагы көрсөтүлгөн эмес.
Газета андан тышкары, полиция кызматкерлери оозеки түшүндүрүү иштерин да жүргүзүп жатканын жазды. Бирок Дагестан Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тилкат тууралуу кабарды төгүнгө чыгарууда.
Орусия президенти Владимир Путин былтыр майда Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка байланыштуу коопсуздук чараларын күчөтүү жөнүндө жарлык чыгарган.
Орусияда Дүйнөлүк футбол чемпионаты 14-июнда башталып, бир айга созулат. Таймаштар ар кайсыл шаарда өтөт.
