Сергей Собянин Москванын мэринин шайлоосуна дагы катышат
Анда Собянин өз администрациясынын “иштери толук аяктай электигин, ошентсе да, пландалган жумуштун эң кыйыны жана оору артта калганын” белгилеген.
Оппозициялык саясатчы Илья Яшин 11-апрель күнү мэр шайлоого катышарын маалымдаган. Анын талапкерлигин оппозиция лидери, жемкорлукка каршы активист Алексей Навальный да колдогон. Навальный өзү 2013-жылы Москвадагы мэр шайлоого катышып, 27 пайыз добуш алган.
59 жаштагы Сергей Собянин Тюмень облусунун губернатору, вице-премьер-министр, президенттин администрациясынын башчысы болуп иштеген. 2010-жылы аны ошол кездеги президент Дмитрий Медведев Юрий Лужковдун ордуна Москванын мэри кылып дайындаган.
