Чүйдөгү №16 колонияда үч киши оозун тигип алганы кабарланды
№16 колонияда жолугушуу өтүп жатканын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова да "Азаттыкка" ырастады. Анын айтымында, абактагылар оозун тиккен эмес. Үчөө тең ички тартипти бузгандыктан, колония жетекчилиги аларды штраф жайына (ШИЗО) камоону чечкен. Соттолгондор буга каршылык иретинде оозун тиге турганын билдиришкен.
Бул колония Чүйдүн Москва районундагы Беловодское айылында жайгашкан. (NT)
