Жемилев: Орусия Крымга миллион кишини отурукташтырды
“Бул аскердик сыр болуп эсептелет. Анткени алар мунун кылмыш экенин билет”, деди Жемилев. Анын эсебинде, соңку төрт жыл ичинде Крымга 850 миңден бир миллион адамга чейин эл көчүрүлгөн.
“Орусия азыр Екатерина II заманында, алгачкы баскынчылык учурунда колдонулган стратегияны кайталап жатат десек болот. Ал кезде адамдарды депортациялай турган мүмкүнчүлүк болгон жок, темир жол, вагон да жок эле. Болгону алар адам чыдагыс шарт түзүп, аларды көчүп кетүүгө мажбурлаган. Мунун кесепетинен Крым татарлары тез арада улуттук азчылыкка айланган” деди Мустафа Жемилев.
Орусия Крымды 2014-жылы украин мыйзамдарына каршы өткөн референдум аркылуу аннексиялап алган. Ошондон кийин жарым аралды орусиялык аскерлер көзөмөлгө алган. Батыш мамлекеттери муну эл аралык мыйзамдарды одоно бузуу деп эсептейт.
