Астана Кытайда кармалган казактарды бошотууну суранды
Астанадан барган делегация Кытайдан Казакстанга көчүп келип, жарандык алган казактардын маселесин көтөргөн. Тышкы иштер министрлиги “Кытайда кош жарандык үчүн кармалган казактарды бошотуу жана алардын ишин калыс, ачык-айкын кароо өтүнүчү” айтылганын билдирди.
“Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономиялык районундагы казактардын көйгөйүн чечүүдө биргелешип аракеттенүү макулдашылды” деп айтылат министрлик тараткан маалыматта.
Ошондой эле жолугушууда эки мамлекеттин ортосунда виза режимин жеңилдетүү маселеси да талкууланган. Жолугушууга Казакстандан Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин директору Ардак Мадиев барган.
Буга чейин Кытайдагы казактардын массалык кысымга учурап, Казакстанга келип жарандык алгандары кайра барган кезде кармалып, “саясий тарбия берүү” деп аталган лагерлерге күч менен жөнөтүлүп жатканы айтылган.
Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Лаура Стоун өткөн айда Бээжиндеги басма сөз жыйынында Кытайда аз сандагы улуттардын ичинен он миңдеген адам "саясий тарбия берүү" деп аталган борборлорго жиберилгенин маалымдаган. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Шинжаңдагы бардык калктар тынчтыкта жана өз жашоосуна ыраазы болуп жашап, иштеп жүргөнүн айтып, АКШга Кытайдын ички ишине кийлигишүүгө жол берилбей турганын да эскерткен.
