Добавить новость
123ru.net
World News
Май
2018

Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашев камакка алынды (видео)

0
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашевдин бөгөт чарасын карап, тергөө бүткүчө камакка алды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы билдирди.


Нурбек Айбашев 25-майда ушул кызмат тарабынан кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча айып тагылган.


Тергөө учурунда Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашев “А” ЖЧКсынын өкүлү менен мурдатан сүйлөшүп алып, Кытайдан товарларды мыйзамсыз ташып келүүгө көмөктөшкөнү аныкталган.


Тергөөнүн материалдарына караганда, 2015-жылы Нурбек Айбашев менен аффилирленген “А” фирмасы “U.Q.I.T.C.L.” фирмасы менен Кытайга тери, бут кийим жана башка ушул багыттагы товарларды ташуу тууралуу келишим түзгөн. Кийин Айбашев Бажы Биримдигинин Бажы кодексин жана Кыргызстандын бажы мыйзамдарын бузуу менен товарларды атайылап жалган идентификациялоо аркылуу бажы аймагынан сырткары бажы процедурасын колдонууга уруксат берип салган.


Тергөөнүн материалдарына ылайык, Нурбек Айбашевдин мындай чечими менен “А” фирмасы бажы аймагынан сырткары тери иштетүүгө укук алып калганы айтылат. Өз кезегинде “А” фирмасы Мамлекеттик бажы кызматынын бул уруксатынын шарттарын бузуу аркылуу товарды товарларды кайра иштетүүчү “U.Q.I.T.C.L.” фирмасына эмес, башка “S.K.” аттуу компанияга жеткирип турган. Товарларды бажы аймагынан сырткары өндүрүүгө мыйзамсыз берилген уруксаттын натыйжасында 166 млн. сом бажы төлөмү мамлекеттик бюджетке түшпөй калганы маалымдалды.


Бул факты боюнча Нурбек Айбашевдин үйүнө тинтүү да жүргүзүлгөн. Тергөө уланууда. (ErN)


Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашевдин үйүнө тинтүү учуру. Оперативдик видео.









Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net