Добавить новость
123ru.net
World News
Май
2018

Нарында кулчулукка каршы күрөш боюнча жыйын болот

0
Жыйында кыргыз өкмөтүнүн кулчулукка каршы күрөшкө багытталган 2017-2020-жылдардагы программасы, аны ишке ашыруунун чаралары тууралуу сөз болот. Ага жарандык коом өкүлдөрү жана мамлекеттик кызматкерлер катышат.


Кулчулукка каршы күрөшкө багытталган иш-чаралар былтыр БУУнун Баңгизаттарга жана кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгынын жардамы менен башталган. Быйыл жыйындар өлкөнүн ар бир облусунда жана Ош шаарында 15-майдан 15-июнга чейин өткөрүлүп, Бишкекте жыйынтыкталат. 


Кулчулукту тыюу боюнча кыргыз өкмөтү бир катар мамлекеттик программаларды кабыл алган. Анын ичинде кулчулуктан жабыркаган адамдарга жардам көрсөтүү да камтылган. 


Кыргызстан Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча БУУнун конвенциясын 2003-жылы ратификациялаган.


Расмий маалыматтарда Кыргызстанда кулчулукка сатылгандардын көпчүлүгү мигранттар экени айтылып жүрөт. Ага ылайык, өлкөдө бир жылда жарандардын кулчулукка кабылуусу боюнча он чакты кылмыш иши катталат. Бирок эл аралык уюмдар кулчулукка кабылгандардын көпчүлүгү укук коргоо органдарына кайрылбай турганын эске салып, киши сатуунун курмандыктары мындан бир нече эсе көп экенин же жыл сайын 100дөн ашуун киши кулчулукка кабылаарын белгилешет. Былтыр Кыргызстанда 175 адам кулчулуктан куткарылган.


Өкмөттүн маалыматы боюнча, учурда сыртта Кыргызстандын 750 миңден ашуун жараны иштеп, жашап жүрөт. Анын 616 миңи Орусияда, 30 миңи Казакстан, 14 миңи Кореяда, дагы 30 миңге жакыны Түркияда. Ал эми расмий эмес булактарда чет мамлекеттердеги кыргызстандыктардын саны мындан бир топ көп экени, маселен, Орусиядагы мигранттар эле миллиондон аша тургандыгы айтылууда. (ZKo)




 





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net