Кытай АКШны "деңиздеги чек араны бузду" деп айыптады
Кытайдын расмий дооматы боюнча, америкалык кемелер чек арадан аймактын ичине 18 чакырымга кирген. Бээжин ушундан улам аймакка өзүнүн учактарын жана кемелерин жиберүүгө аргасыз болгонун, "өлкөнүн бүтүндүгүн жана эгемендигин коргош үчүн зарыл чара көрүүнү улантарын" бекемдеди.
АКШ америкалык кемелердин аймакка киришин Түштүк-Кытай деңизиндеги Кытай орнотуп келе жаткан чектөөлөргө каршы туруу аракети катары түшүндүрүүдө. Кытайдын аймактагы саясаты менен макул эместигин президент Дональд Трамп баш болгон америкалык бир катар жетекчилер билдиришкен.
Парсел аралдары - Түндүк-Кытай деңизиндеги талаштуу аймак. Аны Кытайдын менчиктешине Вьетнам, Бруней, Малайзия, Филиппиндер жана Тайвань каршы.
