Казакстанда тепловоз кырсыкка кабылды
27-майдын кечинде «КТЖ-Жүк ташуу» компаниясы кырсык Курык-Порт-Ерсай темир жол бөлүгүндө болгонун билдирди. Маалыматка караганда, жүк унаасынын күтүүсүздөн жолго чыга калганын көргөн машинист тепловозду чукул токтотууга аракет кылган.
Болжолдуу версия боюнча, кырсыкка жүк унаасынын айдоочусу күнөөлүү экени айтылууда.
"Айдоочу алдындагы STOP деген эскертүү белгисине көңүл бурбастан темир жолго чыгып кеткен. Кырсыкты болтурбай коюуга мүмкүн болгон эмес. Жабыркагандар жок", — деп билдирди компаниянын басма сөз кызматы.
Тергөө иштери башталды.
