Сырттан Кыргызстанга сөөк жеткирүүнүн жаңы жобосу тууралуу маалымат берилет
Мамлекеттик миграция кызматынын буга чейин парламентте берген маалыматы боюнча, чет өлкөлөрдө каза тапкан мекендештердин сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн берилүүчү кенемте акчаны алуу тартиби жеңилдеген. Атайын жобонун негизинде мындай кенемте алыш үчүн жарандар болгону үч документ: маркум тууралуу медициналык мекемеден маалымкат, ишеним кат жана паспортун даярдайт. Кенемтенин жаңы суммасы - 50 миң сом. Бул акча бардык жарандар үчүн бирдей өлчөмдө берилет.
Мурунку убакта сөөк алып келүү үчүн мамлекеттен кенемте алууга милдеттүү түрдө 14 документ тапшырылып, аны комиссия бир айдын ичинде карачу. Кенемтенин өлчөмү 22 миң сомдон 35 миң сомго чейин бекитилген.
Былтыр Орусиянын бир эле Москва шаарынан Кыргызстанга 197 мигранттын сөөгү жөнөтүлгөн. (ZKo)
