Кадамжайда ири суммадагы акча уурдаган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси ("Уурулук") менен кылмыш иши козголуп, райондук милициянын ыкчам аракетинин натыйжасында кылмышка шектүү киши аныкталган. Ага издөө жарыяланган.
Иликтөө иштеринин натыйжасында Кадамжай райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Талас шаарында жашырынып жүргөн жеринен мурда тогуз жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган, киши өлтүрүү жана каракчылык менен соттолгон, кылмыштан 10 күн мурун абактан чыккан, уюшкан кылмыштуу тобунун жигердүү мүчөсү, 35 жаштагы К.Н. аттуу жаранды кармашкан.
Кармоо учурунда анын жанынан Макаров үлгүсүндөгү тапанча сегиз даана огу менен чыккан. Кармалган жаран акча уурдаганын толугу менен мойнуна алып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады. (MdN)
