Британияда медианы тескөөчү мекеме “RT” боюнча иликтөө баштады
“Ofcom” иликтөөнүн жүрүп жатышы телеканал мыйзамдарды бузду дегенди билдирбей турганын эскерткен.
"Russia Today" телеканалы да жаңы иликтөө боюнча маалыматты ырастады.
Буга чейин Британияда орусиялык мурдагы чалгын кызматкери Сергей Скрипал жана анын кызынын ууландырылышы тууралуу “Russia Today” даярдаган жети материал боюнча иликтөө башталган. Анда орусиялык телеканалды бейтараптуулук принциптерин бузду деп айыпташкан. Британ депутаттары Сергей Скрипалды ууландырууга Москванын тиешеси бар болсо, телеканалга санкция киргизип, керек болсо лицензиясын алууга чейин барууну сунушташкан. Буга жооп кылган “Russia Today” чектөө британ коомунун өзүнө зыян болот деп белгилеген.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги эгер канал Британияда лицензиясынан ажырай турган болсо, анда Орусияда британиялык бир да жалпыга маалымдоо каражаты иштей албай турганын эскерткен. 13-майда “Ofcom” “Russia Today” Британияда ишин уланта берерин билдирген.
