Жамалдинов: Кен казган ишкана жыл сайын маалымат берип турушу керек
![Жамалдинов: Кен казган ишкана жыл сайын маалымат берип турушу керек](https://gdb.rferl.org/7A269DCF-BB24-4A96-8F69-2BE885A0A02C_w800_h450.jpg)
Жогорку Кеңештин депутаты, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын мүчөсү Зиядин Жамалдинов Тогуз-Тородогу кырдаал боюнча маселе көтөрүп жатып ушундай пикирин билдирди. Ал айрым чет элдик компаниялар кенди иштетип жатканда коюлган талаптар сакталбай жатканын эскертип, мыйзам боюнча алар жергиликтүү элге жыл сайын маалымат берип турууга милдеттүү экенин билдирди:
- Ушундай маалыматтар берилбегени үчүн, Энергетика, өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу комитети жетиштүү деңгээлде иш алып барбаганы үчүн Тогуз-Тородогудай окуялар болуп жатат. Мунун алдын алыш керек болчу.
12-апрелде Жогорку Кеңеш “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамдын макулдашылган вариантын карап жатат. Депутаттарга Энергетика, өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жетекчиси Улан Рыскулов маалымат берүүдө.
11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы нааразылык акциясынын учурунда аталган ишкананын курулушу бүтө элек имараты өрттөлгөн. Бул боюнча ИИМ тарабынан кылмыш иши козголду.
Жергиликтүү тургундар Макмал кенинде алтынды бөлүп алуучу кошумча фабриканын курулушуна көптөн бери каршылык көрсөтүп келатышат. Жашоочулар кенде алтынды бөлүп алуучу кошумча фабрика курулса, андан бөлүнгөн радиация адамдарга жана жаратылышка зыян тийгизээрин айтышууда. (ZKo)