Бишкекте жарым тонна боорсок даярдалууда
Жалпысынан 500 килограмм ундан камыр ачытылып берилген. Андан 700 килограмм боорсок чыгат деп болжолдонууда.
Уюштуруучулар – "Кыргызстан обондору" радиосу жана “Кыргыз айылы” комплекси. Максат – кыргыздын улуттук тамак-ашын, маданиятын даңазалоо.
Даяр боорсок фестивалдын катышуучуларына, конокторуна жана муктаж болгондорго таратылып берилери айтылды. (ZA)
