Ханзаада Салмандын АКШга турнеси башталды
Ал бүгүн АКШ президенти Дональд Трамп менен Ак үйдө жолугушат. Мындан сырткары таасирдүү расмий адамдар, коргонуу, каржы жана соода министри, ЦРУ башчысы, Конгресстеги эки партия лидерлери менен жолугушуу пландалган.
Ошол эле кезде АКШ жана Батыш тышкы саясатта жүргүзгөн реформалары Сауд Арабиянын салттуу саясаты менен карама-каршы келген 32 жаштагы башкы ханзааданын саясий ишмердүүлүгүн түшүнүүгө аракет кылууда деп белгилейт “Америка үнү”.
Үч апта ичинде Салман Нью-Йоркто ишкер чөйрө, Сан-Францискодо Google жана Apple компанияларынын өкүлдөрү, Лос-Анжелесте шоу-өнөр жайынын өкүлдөрү менен жолугушууну пландап жатат. Анын программасында Бостон жана Хьюстондо да жолугушуулар каралган.
