Чаткал: Жергиликтүүлөр кытайлык компанияга каршы чыкты
![Чаткал: Жергиликтүүлөр кытайлык компанияга каршы чыкты](https://gdb.rferl.org/2620DF3A-2A31-4816-8ED5-471AEE8E3CAC_w800_h450.jpg)
Чаткал районунун Чакмак-Суу айылынын тургундары айылга жакын дарыянын жээгине "Кичи Чаарат" компаниясы калдык сактоочу көлмө куруп жатканына нааразы.
Бул тууралуу айылда өткөн акция учурунда жергиликтүү кеңештин депутаты Чыңгыз Абдукеримов билдирди.
Анын айтымында, кен казган кытайлык компания айылга жакын жайгашкан дарыя жээгине уу калдыктарды сактоочу көлмө куруп баштады.
- Долбоор боюнча 2015-жылы аны тоо башына куруу пландалган. Былтыр өзгөртүү киргизилип, сай жээгине которулган. Мындан жергиликтүү тургундардын кабары болгон эмес. Азыркы көлмө кар көп көчүүчү жерде жайгашып, кырсык болсо айылды каптоо коркунучу бар, - деди Абдукеримов.
Чогулгандар курулуш иштерине тийиштүү органдардын баа берүүсүн өтүнүүдө.
Чаткал районунун акиминин орун басары Жуманалы Накетаев жеринде текшерүү жүргүзүлүп, курулуштун калкка кооптуулугу жок деген тыянак чыгарылганын билдирди. (RsK)