Добавить новость
123ru.net
World News
Февраль
2018

Палестин лидери эл аралык тынчтык конференциясын өткөрүүгө чакырды

0
Махмуд Аббас БУУнун Коопсуздук кеңешинде 20-февралда сүйлөгөн учурунда ушундай сунуш киргизди. Анын айтымында, эл аралык тынчтык конференциясы 2018-жылдын орто ченинде өтүшү керек.


- Кошмо Штаттар Иерусалим боюнча чечиминен улам эл аралык мыйзамдарды бузуп, өзүнө өзү каршы чыгышты. Андыктан азыр жалгыз мамлекет башка эл аралык өнөктөштөрдүн каршылыгы болмоюнча аймактык же эл аралык жаңжалды чече албайт. Ошондон улам биз Палестина маселесин чечиш үчүн эл аралык мыйзамга ылайык эл аралык конференция аркылуу көп тараптуу эл аралык механизм түзүү зарыл деп эсептейбиз. 


Махмуд Аббас ошондой эле өз сөзүндө Чыгыш Иерусалимди Палестинанын борбору деп атады, өз өлкөсү Улуттар Уюмунун толук жарамдуу мүчөсү болууга умтулаарын да кошумчалады.


АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли болсо өз өлкөсүнүн Иерусалимди Израилдин борбору катары тааныган чечими өзгөрбөй турганын, бирок Вашингтон жөөт-палестин чатагын жөнгө салыш үчүн Палестинанын жетекчилиги менен иштешүүгө даяр экенин айтып өттү. 


Израилдин БУУдагы элчиси Дэнни Данон Махмуд Аббастын жөөт-палестин чатагы боюнча Коопсуздук кеңешиндеги билдирүүлөрүнө жооп кайтарып, ал эл аралык форумдарда башка, өз элине барганда арабча башка сөздөрдү айтарына токтолду.


АКШнын президенти Доналд Трамп Иерусалимди Израилдин борбору катары тааныган чечимин былтыр 6-декабрда жарыялаган.


Бирок андан бери вашингтондук расмий өкүлдөр бул чечим “АКШнын Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараяндан чегиниши же Израил- Палестина ортосундагы талаш чек ара боюнча кандайдыр бир көз карашты карманышы эмес” деп байма-бай айтып келишет.


БУУнун Башкы ассамблеясы басымдуу көпчүлүк добуш менен АКШнын чечимин четке какса, мусулман мамлекеттеринин башын бириктирген Ислам кызматташтык уюму өзүнүн чукул саммитинде дүйнө өлкөлөрүн Чыгыш Иерусалимди Палестинанын борбору катары таанууга чакырган.(UE)





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net