Добавить новость
123ru.net
World News
Февраль
2018

Салянова: Калп айтуу расмий идеологияга айланды

0
“Калп айтуу бүгүн Кыргызстанда расмий идеология болуп калды" деди бүгүн парламентте сүйлөп жатып “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова. Ал муну мамлекеттик илдет катары баалап, өзүнө карата чыккан сот өкүмү мыйзамсыз экенин, коррупцияга каршы күрөш натыйжа бербегенин айтты. Мунун себеби катары ал өзүнө айып койгон адамдар өздөрү таза эмес деген көз карашын билдирди.


Депутаттын айтымында, “саясий оппоненттер менен күрөшүүдө калп бийликтин негизги куралы” болууда, ошондуктан “калпты жакшы өздөштүргөндөргө мамлекеттик сыйлык берип эмес, алар менен адам саламдашкыс кылыш керек":


- Коррупциялашкан, өз позициясы жок, күн карама соттор менен өлкөнүн келечеги жок. Мыйзам да, күбөлөрдүн бардыгы мен тарапта болгонуна карабастан сот укуктук эмес, саясий чечим чыгарды. Бүгүн прокуратура, сот жана УКМК уюшуп алып иш алып барууда. Сот системасы менен прокуратура уюшулуп иштеп жатканы – бул саясий бандитизм. Мага карата чыккан өкүмгө ылайык, ЦАРИИ элдин алдында өзүн өзү компрометация кылган орган деп таанылды. "Скомпрометировать" деген сөз орусчадан кыргызчага жаман аттуу кылуу, беделин түшүрүү, абийирин кетирүү, көпчүлүк алдында жаман атка кондуруу дегенди түшүндүрөт экен, демек анда иштегендер кыргыз мамлекетин уят кылган адамдар деп расмий таанылды. Өкүм мага эле эмес, ошондо иштеген бардык адамдарга чыкты. Алар – азыркы премьер-министр Сапар Исаков, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов, Энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев жана башкалар. Мен буларды жаман дебейм, бирок кош стандарттуулуктун чеги болуш керек. Кеп ЦАРИИ жөнүндө эле эмес, ошол кездеги президент Бакиевдин аппараты жөнүндө болуп жатат. Президенттик институтка секретариат, ЦАРИИ, президенттик аппарат кирчү. Ошол жерде жетекчи кызматта иштеген Жолдубаева өзүнүн ичкен кудугуна түкүрүп, өзү иштеген мекемени “кыргыз элинин алдында абийири кеткен институт” деп тааныды. Мындай кишиден жакшылык күтсө болобу?


Ошону менен катар Салянова депутаттарга: “Өзүм үчүн эмес, жалпы укук системасынын келечеги үчүн сот жана тартип коргоо органдары тарабынан мыйзам талаптары аткарылышын көзөмөлдөөнү өтүнөм. Бул көзөмөл парламенттин колунда” деп кайрылды.


Индира Жолдубаева жетектеген Башкы прокуратура Саляновага "юстиция министри болуп турганда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулунун өнөктөшү, ЦАРИИнин (Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктик) жетекчисинин орун басары Александр Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айып тагып, беш жылга соттотту. Бул жазаны ал үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөмөк болду. 


Башкы прокуратура Салянованын бүгүнкү айткандары боюнча азырынча комментарий бере элек.


Салянова Жогорку Кеңештин депутаты болуп эки жыл иштеди. Мыйзам боюнча шаардык соттун чечиминен кийин анын мандаты алынат. Шаардык сот райондук соттун өкүмүн 7-февралда күчүндө калтырган.(RK)


Аида Салянованын парламентте сүйлөгөн сөзү. 









Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net