Шайназаров: "Жылуулук тармагынын" техникалык директорунун 50 батири бар
Анын айтымында, Кургановдун 50 батири бар, аларды жаңы курулган турак жайларды жылуулукка кошуп бергени үчүн алган деген маалымат бар.
Шайназаровдун билдирүүсүн "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы четке кагып, жылуулукка туташтыруу өкмөттүн токтому менен бекитилген төлөмдүн негизинде гана жүргүзүлөрүн билдирди.
Жылуулукка туташуудагы коррупция маселеси буга чейин да көтөрүлгөн. Аны "Өнүгүү-Прогресстин" дагы бир депутаты Мирлан Бакиров айтып чыккан.
"Бишкек жылуулук тармагы" бул айтылгандарды Башкы прокуратура иликтегенин, бирок маалымат такталбаганын айтууда. (NT)
