Орусия Сирияда ондогон киши жаракат алганын ырастады
Маалыматка караганда, кагылышууга орус күчтөрү катышкан эмес. Жараат алган орус жана КМШ атуулдарынын Орусияга кайтарууга жардам берилген. Алар ар кайсы медициналык мекемелерде дарыланып жатканы белгиленген билдирүүдө.
Буга чейин чет элдик маалымат каражаттары Сириянын Дейр-эз-Зор аймагында АКШ жетектеген коалициянын объектисинин жанындагы салгылашууда "Вагнер жеке аскер компаниясынын" 200 катышуучусу өлгөнүн кабарлаган. Москва бул маалыматты четке каккан.
