Эмил Кайкиев ЕЭКтин энергетика министри болуп дайындалды
Билдирүүдө айтылгандай, жаңы министр Евразия экономикалык комиссиясында Кыргызстандын өкүлү катары иш алып барат. Ал 20-февралдан баштап кызматка киришти.
Комиссиянын коллегиясы он адамдан турат. Ага биримдикке мүчө болгон ар бир өлкөдөн экиден өкүл кирет.
Эмил Кайкиев 2015-жылдан бери Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеп келген. 20-февралда Сапар Исаков кол койгон буйрукта Кайкиевдин бошотулганы анын башка жумушка өткөндүгү менен түшүндүрүлгөн. (ErN)
