АКШ Сенаты үч жумалык бюджетти жактырды
Дүйшөмбүдө АКШ Сенаты үч күндөн бери тушалып калган өкмөттүн ишин жандантууга жол ачкан үч жумалык бюджет тууралуу мыйзам долбоорду жактырды.
Ошентип, федералдык өкмөт 8-февралга чейин кадимкидей иштөөгө мүмкүнчүлүк алды. Сенаттагы республикачыл көпчүлүктүн лидери Митч Макконнелл сенаторлорду жакынкы күндөрү бала чагында ата-энеси мыйзамсыз жолдор аркылуу АКШга алып келген 800 миңдей жаш иммигранттарды коргой турган мыйзам долбоор сунуштай турганына ишендиргенден кийин ушундай мунаса табылды. Андай иммигранттарды англисче dreamers, же "кыялкечтер" деп атап жүрүшөт.
Демоераттардын Сенаттагы өкүлү Чак Шумер "өкмөттүн ишин кайрадан жандантыш үчүн добуш бердик" деп белгилеп, мунаса чечимдин негиздерин даярдаган кош партиялуу топко ыраазычылык билдирди. АКШ өкмөтүнүн иши өткөн жума күнү түн ортосуна чейин Сенаттын мүчөлөрү мунасага келбей, бюджетти бекитпей койгондон кийин кризиске учураган.