Казакстандын президенти Вашингтонго барат
АКШнын президенти Дональд Трамп Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаев менен 16-январда Вашинтондо жолугарын Ак үй буга чейин да маалымдаган.
Ак үйдүн 9-январдагы билдирүүсүндө эки лидер “регионалдык коопсуздук жана экономикалык кызматташтык боюнча стратегиялык өнөктөштүктү өркүндөтүү жана бекемдөө маселелерин талкуулашары” айтылган.
Казакстан 1-январдан тартып БУУнун Коопсуздук кеңешине төрагалык кыла баштады. (BCh)
