Кулов: Текебаев түрмөдө башкалардан обочо кармалууда
- Короо жок, ал сейилдей албайт экен. Эмне үчүн мындай шарт болуп жатканын сурасам, ал депутат болуп турган кезде уюшкан кылмыштуу топторго, кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мыйзам долбоорлорун даярдап, жигердүү иштегени менен түшүндүрдү. Ошондуктан, анын мындай иштерин эске алуу менен Жаза аткаруу кызматынын жетекчилиги анын өмүрүнө кандайдыр коркунуч бар деп эсептесе керек. Алар Өмүрбек Чиркешович менен сүйлөшүп, калган контингенттен оолак кармоо тууралуу бир чечимге келген сыяктуу.
21-ноябрда Жогорку Сот "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновду сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Эки саясатчы "орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган" деген айып менен быйыл февраль айында камакка алынган. Соттолгондор муну өз оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук катары баалап келишет.
Былтыр октябрда Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Чотонов Молдовановка айылындагы №27 абакка которулган.
Текебаевдин адвокаттары аны актоо өтүнүчү менен БУУнун адам укуктары боюнча комитетине жана эл аралык сотторго кайрылууга даярданууда. (NT)
