Добавить новость
123ru.net
World News
Январь
2018

Өкмөт жол коопсуздугун талкуулады

0
Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу боюнча премьер-министр Сапар Исаков баштаган комиссиянын жыйынында жол кырсыктарынын алдын алуу, трассадагы коррупцияны азайтуу, жол коопсуздук кызматкерлеринин ишин автоматташтыруу жана күчөтүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Жыйында өкмөт башчы Сапар Исаков жол коопсуздугун караган кызматкерлерди планшет менен камсыз кылуу боюнча буга чейин өзү сунуш кылган пилоттук долбоор жазында толук ишке кирерин белгиледи. Ал планшеттердеги маалымат базасында айдоочу, автоунаа, жол эрежеси бузулган учурлар, төлөнгөн жана төлөнбөгөн айыппулдар тууралуу маалыматтар сакталарын айтты:


- Айдоочулар жол эрежесин бузган учурларды каттоочу автоматташтырылган система коррупцияны жоюуга жардам берет. Ал өз кезегинде жол кырсыгын азайтып, жол коопсуздугун жана жол инфраструктурасын жакшыртып, бюджеттин толукталышына, айдоо маданиятын көтөрүүгө жана айдоочуларга ыңгайлуу шарт түзүүгө мүмкүндүк берет, – деди Сапар Исаков.


Анын айтымында, азыр мыйзамга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча, ошондой эле ал тиркемени башка тийиштүү мамлекеттик органдардын системасына жалгаштыруу боюнча иштер жүрүп жатат.


Ички иштер министрлигинин Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Канат Жумагазиев 2018-жылдын 9-январынан тартып туура эмес жерде турган унаалардын дөңгөлөктөрүнө блокатор коюу, транспортук каражаттарды күчтөп эвакуациялоо боюнча иштер башталганын билдирди.


Өкмөт билдиргендей, жыйында жолдорду жана көчөлөрдү жарыктандыруу, жол белгилерин коюу, светофорлорду орнотуу, жолдорду оңдоо маселелери да каралды.


Премьер-министр комиссиянын жыйындары үзгүлтүктүз өткөрүлүп турарын, анын отурумдарында жол кыймыл коопсуздугун жөнгө салган ченемдик-укуктук актылардын маанилүү долбоорлору караларын белгиледи. (ErN)





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net