Санжар Муканбетов вице-премьер-министр болуп дайындалды
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети, кийин жалпы парламент вице-премьер-министрликке Санжар Муканбетовдун талапкерлигин колдогон. Аны депутаттарга биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев тааныштырган.
Муканбетов буга чейин Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматты жетектечү. Ал Улуттук банктын жетекчиси болуп дайындалган Толкунбек Абдыгуловдун ордуна көрсөтүлүүдө. Муканбетов экономикалык блокту, банктарды, киреше-чыгаша маселелерин көзөмөлдөйт. (ErN)
