Добавить новость
123ru.net
World News
Январь
2018

Депутаттар Текебаевди ооруканага которууну өтүнүп кайрылуу кабыл алышты

0
Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын мурдагы башчысы, экс-депутат Өмүрбек Текебаевди абактан жарандык ооруканага которуу өтүнүчү жазылган кайрылууга бир нече депутат кол койду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев “Азаттыкка” билдирди.


Анын айтымында, Текебаевдин кан басымы көтөрүлүп кеткен.


- Мен Өмүрбек Текебаев менен жолуккан учурда анын кан басымы көтөрүлүп, кыйналып жатканын байкадым. Муну көп эле депутаттар ырастайт. Ошол себептен биз Жаза аткаруу кызматынан аны абактан жарандык ооруканага которуп, жок дегенде он күнчө убакыт дарыланып алышына уруксат беришин өтүнүп кат жөнөттүк. Бул боюнча кайрылууга 7-8 депутат кол коюп, аталган органга жөнөттүк. Керек болсо конвойду кошо алып барып, кайтарып отурушсун. Дарыланып чыкса, кайра жазасын уланта берет.


Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы депутаттардын кайрылуусу мекемеге келип түшө электигин, келсе караларын билдиришти. Текебаевге дарыланууга уруксат берилеби же жокпу, аны ачык айткан жок. Басма соз кызматынын маалыматына караганда, экс-депутат Өмүрбек Текебаев камалып жаткан №47 колониянын өзүндө да бейтапкана бар жана ал ошол жерден да дарыланууга шарты бар.


21-ноябрда Жогорку Сот "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновду сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Эки саясатчы "орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган" деген айып менен быйыл февраль айында камакка алынган. Соттолгондор муну өз оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук катары баалап келишет.


Былтыр октябрда Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Чотонов Молдовановка айылындагы №27 абакка которулган.


Текебаевдин адвокаттары аны актоону өтүнүп БУУнун адам укуктары боюнча комитетине жана эл аралык сотторго кайрылууга даярданууда. (ErN)





Загрузка...


Губернаторы России

Спорт в России и мире

Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса

Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире




Путин в России и мире

Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.






Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...





Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net