Кытайдын Ухань шаарында чыккан коронавирустан 2004 киши көз жумду
Кытай бийлиги ошол эле учурда жалпысынан 14 миңден ашык киши илдеттен сакайганын маалымдады. Ооруга чалдыккандардын саны 75 миңге чукулдады.
Оорунун жайылуусу боюнча Хубэй провинциясы алдыда. Бул жерде 61,6 миңден ашуун киши вирусту жуктуруп алган. 1921 киши көз жумду.
Кийинки орунда Гуандун провинциясы турат. Бул жерде вирус жуктургандардын саны 1,3 миңден ашты.
Борбор калаа Бээжинде 387 адам оору жуктурган, төртөө вирустан өлгөн.
Ушул тапта жалпы өлкө боюнча дарыгерлердин көзөмөлүндө 135 миңден ашуун адам турат. Алар оорулуу адамдар менен байланышта болгондор. Карантинде 5,2 миң киши бар. Дарыгерлердин айтуусунда ооруга чалдыккандардын 11,9 миң киши оор абалда.
Өпкөнү кагынткан илдетти жуктуруп алгандар Кытайдан башка дагы 25 өлкөдө аныкталган. Алардын ичинде Орусия да бар.