Орусияда көкбөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт
Бүгүн Орусиянын Сергиев Посад шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган эл аралык көкбөрү боюнча турнир өтөт. Ага Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Москва шаарынан төрт команда катышат. Бул турнир Сергиев Посад шаарында “Орус дүйнөсү” фестивалынын алкагында өтүп жатат. Мелдешке катышуу үчүн буга чейин Кыргызстандан “Атуул” командасы жөнөп кеткен. Кыргызстандык көкбөрүчүлөр турнирге катышуу үчүн Бишкектен өз аргымактарын ала кеткен. “Атуул” командасы славян улутундагы көкбөрүчүлөрдөн түзүлгөн кыргызстандык команда. Читать дальше...