ИИМ: Москвада өлтүрүлгөндөрдүн бири уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон
Орусиянын Москва шаарында киши колдуу болуп өлгөндөрдүн бири, 37 жаштагы Искендер Жолборсов уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары 2015-жылдан берип каттоодо турган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Өлтүрүлгөндөрдүн экинчиси, 37 жаштагы Муратбек Маматалиев бир ай мурда Мосвага акча таап келиш үчүн барганы аныкталды. Ал уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси жок. Канга боёлуп, кыйноо менен өлтүрүлгөн кишилер тартылган сүрөттөр жана анын Москванын Жуковский аймагынан табылганы жөнүндө маалымат 8-январда Интернетте тараган болчу. Читать дальше...