123ru.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Кемпир-Абад: депутат Акаев Өзгөндөгү жолугушуу тууралуу маалымат берди

0
Кемпир-Абад: депутат Акаев Өзгөндөгү жолугушуу тууралуу маалымат берди

Президент Садыр Жапаровдун Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда  Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу эл менен жолугушуусуна Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери, айрым комитеттин төрагалары дагы катышты.

Парламенттеги "Альянс" фракциясынын лидери, депутат Жанарбек Акаев "Азаттыкка" билдиргендей, элдин суроолоруна президент Садыр Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жооп берди.

"Жолугушуу эмоционалдуу абалда өттү. Кемпир-Абад боюнча Өзгөндүн тургундары президентке өтө ачуу суроолорду берди. Алар бир метр дагы жерибиз башкаларга кеткен жок деп жооп беришти. Тескерисинче, 1965-жылы картада Өзбекстанга карап калган учурлар бар. Ошол жерлердин баары сүйлөшүү жолу менен, утуш менен чыктык деп айтылды. Эми ратификацияга келсек, бардык документтерди карап көрөбүз. Азыр биз дагы ак же көк деп айта албайбыз. Анткени колубузда бир дагы кагаз жок. Бирок жалпы алганда мен дагы чек ара маселеси чечилиш керек деген ойдомун. Анткени буга чейинки бийликтегилердин баары сүйлөшүүлөр, делимитация, демаркация иштери болуп атат деп убакыт созулуп, анан алар бийликтен кетишкен. Ошол эле убакта депутаттардын талабы - жерибиз, суубуз, өзгөчө Кемпир-Абад эч кандай башка өлкөгө берилбеши керек. Расмий бийлик суу дагы, жер дагы биздики деп айтты", - деди Акаев.

Эл өкүлү парламентте бул маселе ийне-жибине чейин карала турганын кошумчалады.

Жолугушууга катышкан "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып "Кемпир-Абад" суу сактагычы Өзбекстанга өткөнүн билдирди.

"Кемпир-Абад кетти. Ошондой болуп 4000 гектардан ашыгыраак жер кетти. Биз компенсациясын 1965-жылы алганбыз дейт. Ошондуктан мындай жыйын ачык-айкын өткөндө жакшы болмок. Тилекке каршы мындай жыйындарды кандай өткөрүшөрүн билесиңер да", - деди Мадумаров.

Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу Өзбекстан менен болгон келишим тууралуу расмий маалымат бериле элек.

Президенттин басма сөз кызматы жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат бере элек.

"Азаттыктын" аймактагы кабарчысынын билдиришинче, Ош облусуна караштуу Өзгөн райондук акимчиликтеги жолугушуу этап-этабы менен өттү. Чогулган айрым тургундар президенттен жабык эмес, ачык жыйын өткөрүүнү, бардык суроолорго ачык жооп беришин, сыртка чыгышын талап кылышты.

Былтыр мартта Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өткөн, ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан.

Ташиев эки өлкө анда Кемпир-Абад суу сактагычынын (Өзбекстандагы аталышы – Анжиян суу сактагычы) плотинасын Өзбекстандын аймагы деп калтырып, анын суу ресурстарын чогуу пайдаланууну макулдашканын билдирген. Ал кыргызстандыктар Кемпир-Абаддын суусунан толук пайдалана аларын белгилеген жана чек арада жер берүү деген эми болбой турганын, алмашуу гана болорун белгилеген.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасы боюнча соңку кадамдарды тарыхый мааниге ээ деп эсептей турганын айткан.

Бийликтин бул билдирүүлөрүнөн кийин бир катар нааразылык акциялары өткөн.

Ошол эле жылдын апрель айында Ташиев Өзгөндө эл менен жолугушканда Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жер Өзбекстанга берилбей турганын билдирген. (КЕ)






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Раньше срока. Собянин: новая развязка улучшит движение для 600 тыс. человек


Спорт в России и мире
Москва

Федерация бокса России на ВДНХ


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
WTA

Александрова обыграла первую ракетку мира на турнире WTA


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Энергетические поля компенсируют растущие потребности в электроэнергии





Путин в России и мире
Москва

Путин удивился третьему месту Санкт-Петербурга в туристическом рейтинге


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Киев признал стагнацию ВСУ по всей линии фронта


Навальный в России и мире
Москва

Силовики задержали за сутки пятерых журналистов, часть проходит по делу об «участии в работе ФБК», одного жестоко избили при задержании



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Песня

Вывод Песни, Альбома, Клипа в ТОП Музыкальных Чартов!



Москва

Турист из Красноярска впал в кому на борту самолета в аэропорту Бангкока

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net